Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-февралы № 7/6
Орозбеков айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмесин толуктоо жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айылдык кеңешинин № 8193 Учкун шайлоо участкасынан шайланган депутат Жолдошов Абдыганы Тагаевичтин айылдык аймагынын башчысы болупшайлангандыгына байланыштуу,Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 23.12.2013-жылгы № 185 токтомуна негиз,депутаттын мандатын колдонуу токтотулсун.
2. Орозбеков айылдык кеңешинин №8193 Учкун шайланган депутаттардын тизмесине толуктоо киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу кенештердин депутаттарын шайлоо жонундогу»мыйзамынын 52-беренесинин 1-пунктуна ылайык,шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкер Сарыбаев Насирге берилсин.
3. Суралсын Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан ушул токтомду бекитип берүү жагы
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүөзүмө аламын..
Орозбеков айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Эргешов |