Редакцияот 20.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы

 

2015-жылдын 20-августу № 31/2

 ПРООН тарабынан каржыланган долбоорлордун кошумча сметасын бекитүү жөнүндө (атайын каражат)

 Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ПРООН тарабынан каржыланып жаткан долбоорлордун (атайын каражатын) сметасы бекитилсин;

-Трансформатор коюуга керектелүүчү акча каражатынын сметасы 499 000 сом (сметасы тиркелет);

-Кайырмага сооружение салууга керектелүүчү акча каражатынын сметасы 497 000 сом (сметасы тиркелет);

-Таза суунун ремонттуна жана жаңы тартууга керектелүүчү акча каражатынын сметасы 498 000 сом (сметасы тиркелет);

-Муниципалдык СТО ачууга керектелүүчү акча каражатынын сметасы 498 000 сом (сметасы тиркелет);

-Ветеринардык аптека ачууга керектелүүчү акча каражатынын сметасы 279 710 сом (сметасы тиркелет);

-Ветеринардык ваннага керектелүүчү акча каражатынын сметасы 320 959 сом (сметасы тиркелет);

2. Бөлүнгөн акча каражатын атайын түзүлгөн сметага ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын;

 3. Каражатын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук каржы жана казына бөлүмүнөн суралсын.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Абдыбеков