Редакцияот 24.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2015-жылдын 24-ноябры № 33/5

 Ак-Муз айыл аймагынын С.Исраилов атындагы бала бакчага род. взнос бекитүү жөнүндө

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ак-Муз айыл аймагынын С.Исраилов атындагы бала бакчасынын 2015-2016 билим берүү жана балдарды багуу жылына тамак үчүн ата-энелерден алынуучу акынын тарифи 400 сом, кирүү взносу 340 сом, аз камсыз болгон  жана беш баладан көп жашы жете элек балдары бар үй бүлөөлөр үчүн 50 пайыз жеңилдик деп бекитилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Абдыбеков