Редакцияот 24.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2015-жылдын 24-декабры № 34/3

 Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 8-декабрь 2015-жылдагы

 № 1846 сандуу каты жөнүндө

 

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айылынын тургуну Жумалиева Майрамкүлдүн наамына Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 02.06.2015-жылдагы №228 анытамасынын негизинде «Кичи-Булак» участкасындагы № 529 контурунун ичиндеги эски жер төлөнүн орунан 0,05 га жер аянты там, сарай салууга жеке менчигине берилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Абдыбеков