Редакцияот 24.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2015-жылдын 24-декабры № 34/5

 Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Б. Дүйшөнбиевдин арызы жөнүндө

Ак-Муз айылдык Кеңешинин депутаты Б.Дүйшөнбиевдин жазган арызына ылайык, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Дүйшөнбиев Бактыбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттыгына кийинки тизмедеги талапкерди тактап берүү жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго милдеттендирилсин.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Абдыбеков