Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы
2016-жылдын 22-февралы № 19/5-2
Төө-Басты айылына айыл статусун берγγ жөнүндө
Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Мамытов билдирүү жасады жана ал төмөндөгүлөргө токтолду. Айыл аймагындагы Төө-Басты, айылына айыл статусун берүү жөнүндөгү кайрылуулар түшкөндүгүн жана алардын кайрылууларын канааттандыруу максатында баштапкы айылдык кеңешке чейинки даярдалган баштапкы иш кагаздарын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген ал маселени кароонун тартибнне негиз айыл өкмөтү тарабынан даярдалып бүтүлүүчү жана айылдык кеңештин бекитүүсүнө маселе коюлуп жаткандыгын айтты. Андан кийин чыгып сүйлөгөн депутаттар Эшалиев Т, Ибраимов.С, Орозбаев Н. Тынаев. Р, бул маселени карап чыгып жогоруда аталган айылдарга айыл статусун берүү жөнүндөгү айыл жашоочуларынын кайрылууларын канааттандыруу жагын айтышты. Себеби жылдан жылга калктын саны өсүп бул айылдарда турак-үйлөр көбөйүп айылдын борборунан алыс болгондуктан көйгөйлүү маселелер көбөйүп кеткендиктен бул маселе боюнча көтөрүлдү дешет.
Каралган маселе боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Басты, айылына айыл статусун берүү жөнүндөгү анда жашаган айыл жашоочуларынын кайрылуулары канааттандырылсын
2. Айыл статусун алуу боюнча мыйзамдуу иш-кагаздарын даярдап тийиштүү болгон жогорку органдарга кыска мөөнөттө жеткирүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Н.Балтабаевге милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
К.Тѳрѳкулов |