Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2015-жылдын 7-июлу № 15/2
Дөң-Алыш айылынын Аксакалдар сотунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Дөң-Алыш айылынын Аксакалдар соту жарандардын бузулган же талаш-тартышка түшкөн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо менен тараптардын жарашуусуна жетишип жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен укуктук ченемдик актыларына каршы келбеген 7 (жети) маселеге акыйкат чечим чыгарып мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого жана айыл аймагында укук бузуулардын алдын алуу менен иш алып барышары жөнүндө аксакалдар сотунун катчысы Осмонов Зарылбектин маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Алыш айылынын Аксакалдар сотунда алкылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Дөң-Алыш айылынын Аксакалдар сотуна айыл аймагынын айыл өкмөтү жана айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлсүн 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Талаа-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Керимкулов |