Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2015-жылдын 7-июлу № 15/3
Депутаттардын Талаа-Булак айылдык округунун Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясынын №21/4 жана XXII-сессиясынын №22/4 токтомдору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2015-жылдын 29-майындагы «Кочкор районун Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүү жана аткарылышы боюнча» аудиттик текшерүүдө «Депутаттардын Талаа-Булак айылдык округунун Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын №21/4 жана XXII-сессиясынын №22/4 токтомдору» негизсиз деп чыгарган АКТсы менен тааныштырган айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талаа-Булак айылдык округунун Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясынын №21/4 жана XXII-сессиясынын №22/4 токтомдорунун негизинде айыл аймагында экспертик комиссия түзүлүп, баалоо комиссиясы менен бирдикте баалоо жүргүзүлүп айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасынан чыгарылып Кадыркулов Чомодейдин жана Сатаралиева Гулзинанын менчигине берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Талаа-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Керимкулов |