Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2015-жылдын 7-июлу № 15/4
Талаа-Булак айыл аймагындагы айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн кашар сарайлардан алынуучу жер салыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2015-жылдын 29-майындагы « Кочкор районун Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүү жана аткарылышы боюнча» аудиттик текшерүү АКТсы менен тааныштырган айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагындагы айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн кашар сарайлардан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде 2011-жылдан баштап жер салыгы алынсын.
2. Айыл аймагындагы мамлекеттик каттодон өткөн 64 кашар сарайлардан 2013-2014-жылдар үчүн 46.6 миң сом акча каражаты айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы өндүрүлсүн.
3. Айыл аймагындагы кашар сарайларды тактап чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алдакуловко жана жер турак жай адиси А.Бейшекеевге милдеттендирилсин.
Талаа-Булак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Керимкулов |