Редакцияот 10.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 10-марты № 26/5

Көк-Жаңгак шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине (КБФ) аренда төлөмдөрүн көбөйтүп берүү жөнүндө           

 Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 151-0 18.12.2015-жылдагы кайрылуу катын  «Кыргыз  Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана  толуктоолорду киргизуу              тууралуу» 19 март 2015-жылдагы № 60 мыйзамына ылайык Көқ-Жаңгак шаарынын (КБФ) жерлерин колдонгон жарандарга ижара акы төлөмдөрү боюнча карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык  кеңеши (VI чакырылыштагы  кезектеги  ХХVI- сессиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Көк-Жаңгак шаарынын кайра болуштуруу фондунун жерлеринин  ижара акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:

-1 гектар суугат жерге 2000 сом анын ичинде салык жана ижара төлөмдөрү менен;

-1 гектар кайракы жерге 700 сом анын ичинде салык жана ижара төлөмдөрү менен;

-1 гектар бак дарак жерге 500 сом анын ичинде салык жана ижара төлөмдөрү менен.

2. Токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын жер боюнча адиси Р.Талиповго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдетендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Айтиевге милдетендирилсин.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.У. Курбанов