Редакцияот 16.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XX сессиясы

 

2016-жылдын 16-марты № 13

Мөнөк айылынын тургуну З.Чырмашевага

материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

 

Депутаттар  Мөнөк айылынын тургуну З.Чырмашеванын күйөөсү каза бол- гондугу, мектеп жашындагы жана бакчага бара турган 3 баласы бар экендиги, өзү иштебей үйдө отургандыгы, ошондуктан  материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жазган арызын  угуп жана талкуулап чыгып, З.Чырмашеванын жалгыз бой эне жана 3 баласы менен иштебей отургандыгын эске алып Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

    1. Мөнөк айылынын тургуну З.Чырмашевага  20 000 (Жыйырма миң) сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Рахматов Р) – материалдык жардам үчүн көрсөтүлгөн сумманы өз убагында ажыратып берүү жагы тапшырылсын.

    3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин   Менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов