Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXX сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 1
Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовдун 2015-жылда
аткарган иштери тууралуу
Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовдун 2015-жылда аткарган иштери тууралуу отчетун угуп, алымча кошумча сунуштарды эске алуу менен Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовдун 2014-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2013-2016 - жылдарга карата Стратегиялык өнүгүү программасын ишке ашыруунун үстүндө иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү жана бюджет жана экономика комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Усупбеков
|