Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXX сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 2
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У.Раимбековдун отчеттун угуп, алымча кошумча сунуштарды эске алуу менен Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ар бир үч ай сайын бюджеттин аткарылышы каралып турсун.
3. Кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүм башчысы Раимбеков У. иш алып барсын.
4. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча киреше булактары киргизүү багытында айыл өкмөт башчысы А.Бекболотов жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У.Раимбеков иш алып барышсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Усупбеков
|