Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXX сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 4
Жер участокторунун максаттуу багытталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12 статьясынын( Жерлерди максаттуу багытталышын белгилөө жана өзгөртүү ) жана 13 статьясынын негизин карап Кара-Буура айыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылынын Ч. Айтматов атындагы көчөсүнүн күн батыш тарабындагы муниципалдык менчиктеги убактылуу ижарага пайдаланууга берилген 0,12 га авто унаа токтоочу жай, 0,01 га чайкана, 0,01 га навайкана жана 0,17 га базар багытындагы жалпы аянты 0,31 га жер участокторунун максаттуу багыты жалпы дүң соода базары багытына өзгөртүлүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Усупбеков
|