Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 18-марты № 1
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекболотовдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы У.Раимбековдун маалыматын жана айылдык кеңешинин бюджет экономика боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Т.Токторалиевдин Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү тууралуу кошмо баяндамасын угуп Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылга кирешелер бөлүгү №1-тиркеменин негизинде 35 998 900 (отуз беш млн. тогуз жүз токсон сегиз тогуз жүз) сом, анын ичинен 3 900 000 (үч млн. тогуз жүз миң бир жүз) сом атайын эсептен балдардын тамактануусуна,
Чыгашалар бөлүгү 35 998 700 (отуз беш млн. тогуз жүз токсон сегиз тогуз жүз) сом өлчөмдө бекитилсин. (киреше жана чыгаша бөлүгүнүн толук тиркемелери тиркелет)
2. Жылдын аягына чейин жергиликтүү бюджетке тактоолор, статьядан статьяга,
Бөлүктөн-бөлүккө, кварталдан кварталга которуулар Кара-Буура айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Усупбеков |