Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 18-марты № 2
Кара-Буура айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын
кошумча реестрин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомдорун жетекчиликке алып Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагында кошумча муниципалдык акысыз жана акылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген реестрдеги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Усупбеков
|