Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXXIII сессиясы
2016-жылдын 29-апрели № 1
Т.Бабанов атындагы лицейдин имаратын кеңейтүүгө жер
участкасын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Адыр айылында жайгашкан Т.Бабанов атындагы лицейинин директорунун кайрылуусунун негизиндеги айылдык кеңешинин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана муниципалдык менчик жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун корутундусун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 47-статьясынын негизинде Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.Субанбеков орто мектебинин батыш жагында жайгашкан аймагынан 0,25га жер аянты лицейдин окуу имаратын куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга Т.Бабанов атындагы лицейине берилсин.
2. Берилген жер аянты Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана муниципалдык менчик жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Усупбеков
|