Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXXVI сессиясы
2016-жылдын 24-июну № 1
Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовдун 2016-жылдын 5 айында аткарган иштери тууралуу
Кара-Буура айыл өкмөт башчысынын 2016-жылдын 5 айында аткарган иштерин жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн карап чыгып Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовдун 2016-жылдын 5 айында аткарган иштери эске алынсын.
2. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн салыктын түрлөрү боюнча аткарылбай пландарын 6 айыдын жыйынтыгы менен аткарууну камсыз кылсын
3. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн план тапшырмаларын 2016-жылдын 5 айында толук кандуу камсыздабаганы үчүн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүм башчысы У.Раимбековго карата тартиптик чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго сунушталсын.
4.Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби жана экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Усупбеков
|