Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXXIV сессиясы
2016-жылдын 24-июну № 2
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” №451 токтомуна ылайык Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Айылдык аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” (айылдын старостасы) кызмат орду (2 штаттык бирдик) бекитилсин;
3. Айыл өкмөтүнүн түзүмүндө ветеринардык врач кызмат ордуна (1штаттык бирдик), талапкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контракттык негизде алынсын;
4. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн ашык аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2 штаттык бирдик) бекитилсин;
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ш.Тургуновго милдеттендирилсин.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Усупбеков
|