Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXXVI сессиясы
2016-жылдын 24-июну № 5
Кызыл-Адыр айылынан сатыка жер аянтын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” №571 токтомуна ылайык Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылынан өткөн Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун түндүк тарабынан Кара-Буура райондук мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын имараты менен каражыгач багынын ортосунда жайгашкан 6000 (алты миң) м2 жер участогу аукцион аркылуу сатыкка коюлсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана муниципалдык менчик жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго тапшырылсын.
Кара-Буура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Усупбеков
|