Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26 сессиясы
2015-жылдын 14-декабры № 144
Кароол айыл аймагында МФнын (КБФ) жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндө
Кароол айыл аймагында МФнын (КБФ) жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндөгү маселени Кароол айылдык кеңешинин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияда» каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн МФнын (КБФ) жерлерине аукцион өткөрүү боюнча конкурстук комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн;
- Имаров Б.- айылдык кеңештин депутаты.
- Талипов Б.- айылдык кеңештин депутаты.
- Мадалиев К.- айылдык кеңештин депутаты.
- Алмаматов М.- а.ө жооптуу катчысы.
- Бердибекова К.- ФЭБнүн башчысы.
- Алимов К.- жетектөөчү адис.
- Көкөнов П.- Мырза-Арык АКОБ башчысы.
- Жээнбаев Т.- Кароол АКОБ башчысы.
- Калматов С.- Шералы АКОБ башчысы.
2. Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы
- Мырза-Арык айылында № 437-контур 5 га, № 438-контур 8,5 га, № 442-контур 7га, жалпысы 20,5га.
- Кароол айылындагы № 103 контур 20 га.
- Шералы айылындагы шалылык жерлер Дамба контур 12 га, Сай 23,3 га, жалпысы 35,3 га. Баардыгы болуп 75,8 га, КБФнын жерлерине аукцион өткөрүлсүн.
3. КБФнын жерлерине аукцион өткөрүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясына типтүү Жобонун негизинде иш алып бару жагы милдеттендирилсин.
4. КБФнын жерлерин аукционго коюу үчүн старттык баалар 1 га, сугат жерге 4200 сом, кайрак жерге 800 сом, шалы эгилүүчү жер аянтына 7000 сом , инвестиция талап кылынуучу жераянттарына 300 сом, лотторунун сыпаттык таблицага ылайык кепилдик төлөмү 20 %, ар бир кадамдын баасы 1 га, жер аянтына 10 %, аукционго катышуу баасы 100 сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. КБФнын жерлерине аукционго катыша турган атуулдар аренда акы, соцфонд, жер салыгы, суу төлөмдөрүн аукционго чейин төлөө жагы эскертилсин.
КБФнын 75,8 га, жерин аукционго коюу мөөнөтү 5 (беш) жыл.
7. Аукциондун кирүү билетинен түшкөн каражат, өткөрүлгөн аукциондун иш кагаздарына жумшалсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына» (Т. Анаркуловго) жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |