Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26-сессиясы
2015-жылдын 14-декабры № 145
Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарындагы вет.сервистердин 2015-жылдагы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарындагы вет.сервистердин 2015-жылдагы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселени “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияда” каралып комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарындагы вет.сервистердин 2015-жылдагы жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарындагы вет.сервистердин башчыларына (К.Дыканов, Т. Шемеев, Н. Кудаяров) жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын ачуу, мал жандыктарына эмдөөнү өз убагында жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Айылдарда жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын ачуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү, вет.дарынасын уюштуруу, ар бир вет.сервистин башчыларына транспорт уюштуруп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Сайитовго тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (АнаркуловТ.) жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |