Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26-сессиясы
2015-жылдын 14-декабры № 148
Кароол айыл аймагындагы Кароол жана Шералы айылдарынын ички жолдоруна шагыл төшөө боюнча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кароол айылынын тургундарынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы жана Шералы айылынын тургундарынын 2015-жылдын 25-сентябрындагы жалпы чогулушунун жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттын жобосунун негизинде Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 26 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол жана Шералы айылдарынын ички жолдоруна шагыл төшөө боюнча айыл өкмөттүн бюджетинен 313176 (үч жүз он үч миң бир жүз жетимиш алты) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы жана экономикалыкжактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |