Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 26-сессиясы
2015-жылдын 14-декабры № 149
Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык айылынын ички жолдоруна шагыл төшөө боюнча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Мырза-Арык айылынын тургундарынын 2015-жылдын 10-октябрындагы жалпы чогулушунун жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттын жобосунун негизинде Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 26 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Арык айылынын ички жолдоруна шагыл төшөө боюнча айыл өкмөттүн бюджетинен 314256 (үч жүз он төрт миң эки жүз элүү алты) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы жана экономикалыкжактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |