Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 27/2
Кароол айыл өкмөтүнүн 2015- жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2017-2018–жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык кенешинин бюджет, финансы жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылы Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 11954,9 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 11252,9 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. 2016- жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелери 13022,9 мин сомго жана чыгашалары 13022, 9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. (№ 2 тиркеме тиркелет).
3. Айыл өкмөтүнүн 2017–2018-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтуу бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2015-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алган Мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдарга тендөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21- беренесине ылайык айыл өкмөттүн резервдик фонду
100,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдарга жергиликтуу бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегеруулор, тамак- аш, дары-дармек жана милдеттуу медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтар (көмүр , суу, Электр энергия) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тендөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
7. Республикалык бюджеттен тендөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.
8. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттары тиешелуу бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
9. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
10. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2016 – жылдын 1-январына карата 100,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |