Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 27/3
Кароол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча 2015-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн 1045191 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени финансы-экономика боюнча комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын эсебинен үнөмдөлгүн акча каражатын Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалар боюнча 1045191 сом акча каражаты төмөнкү бөлүмдөргө жумшалсын.
Башкаруу аппаратына ст. 22154900 - 345191 сом.
Билим берүү бөлүмүнө ст. 22154900 - 500000 сом.
ЖКХ бөлүмүнө ст. 22154900 - 200000 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |