Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 27/6
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337 жана 329 беренесинин IV бөлүгүнө ылайык юридикалык жер салыктарынын базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө
Ош облусунун Өзгөн району боюнча Мамлекеттик салык кызмат башкармалыгы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 29.01.2016-жылдагы № 15 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337 жана 339 беренелеринде көрсөтүлгөндөй айыл чарба жерлерин, калктуу конуштарын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн юридикалык жер салыктарынын базалык ставкаларын жана 339-берененин III, IV бөлүмүндө каралган боюнча талкуулап Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айылдык кеңешинин мыйзамда көрсөтүлгөндөй Салык Кодексинин 337 жана 339-беренелеринин III, IV бөлүмүнө ылайык юридикалык жер салыгынын базалык ставкасы 15%,
сугат-1 га 413 -475 сом,
кайрак-1 га 62,30-71,65 сом,
бак- 1 га 235-270 сом,
чөп ормо- 1 га 33,70-38,75 сом,
жайыт-1 га 13,90-16,0 сом) өлчөмүндө көтөрүү бекитилсин.
2. Милдеттендирилсин ФЭБ башчысына 2016-жылдын бюджетинде көтөрүлгөн базалык жер салыгы боюнча кошумча эсептөө жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |