Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 27/10
Кароол айыл аймагынын тургуну Саипбаев Жаныбектин арызы жөнүндө
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 20-январындагы «Кароол айыл аймагына караштуу Паски-Досмат» (Төмөнкү-Досмат) участкасындагы № 1132,1134,1136 контурларында жайгашкан 1,60 га жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транпорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу (трансформация) жөнүндөгү» № 7-б буйругунун жана Кароол айыл аймагынын тургуну Саипбаев Жаныбектин арызын карап чыгып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл аймагынын тургуну Саипбаев Жаныбекке Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Паски-Досмат»(Төмөнкү- Досмат) участкасындагы № 1132,1134,1136 контурларында жайгашкан 1,60 га жер аянтына эс алуу жайын (балык чарбасы, көмөкчү чарба, жасалма көлмө) куруу үчүн 49 (кырк тогуз) жылга келишимдин негизинде ижарага мыйзам ченемдүү берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Кароол айыл аймагынын тургуну Саипбаев Жаныбек менен ижара келишимин түзүү жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Сайитовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Т. Анаркуловго жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |