Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 27/11
Курулуш материалдарын өндүрүү үчүн колдонулган курулуш куму, таш жана шагыл, топуракты пайдалануучуларга» карата салык эмес жыйымды киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө Мыйзамынын 5-беренесине ылайык жана жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалын күчөтүү максатында Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл аймагынын аймагында пайдаланышкан табийгый кен байлыгы болуп эсептелген кум, таш жана шагыл, топурак жүктөлгөн ар бир жүк ташуучу автоунаага 50 (элүү) сомдон жыйым киргизилсин.
2. Бул милдетти мыйзам ченемде толук жана ыкчам аткаруу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Сайитовго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом кол койгон күндөн баштап күчүнө кирсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Т. Анаркуловго жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |