Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 27/13
Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарындагы элдин мал жандыктарын жугуштуу ооруларынын алдын алуу үчүн эмдөө акысын бекитип берүү жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылындагы элдин мал жандыктарын ветеринардык сервистеринин ар кандай жугуштуу ооруларга эмдөө акысы жөнүндөгү маселени Кароол айылдык кеңешинин 27-сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдин мал жандыктарын вет.сервистердин ар кандай жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акысы төмөнкүдөй баада бекитилсин.
1. Жылкы- 50 (элүү) сом.
2. Карамал – 50 (элүү) сом.
3. Кой, эчкилер-20 (жыйырма) сом.
4. /й канаттуулар-5 (беш ) сом.
5. Ит-мышыктар-70 (жетимиш) сом.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Анаркулов Т.) жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |