Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 28-сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 28/2
Кароол айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселе «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай курулуш, транспорт, байланыш жана энергетика» боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 28-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарган жумуштары канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. 2016-жыл үчүн жайыт боюнча жыйындарды өндүрүү үчүн чыгармачылык менен иштеп, жаңы каржы булактарын табу менен иш алып баруу жана аны максаттуу пайдалануу жайыт комитетинин төрагасы П. Калматовго жүктөлсүн.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (А. Анаркулов) жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |