Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 28-сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 28/6
Кароол айылындагы жаңы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү маселе Кароол айылдык кеңешинин Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча убактылуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна, Кароол айылдык кеңешинин Регламентине жана “Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндөгү Жобого” ылайык Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 28- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шералы айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Калматов Рахманберди ысмын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (катар номер Коңурбаев Калилдин үйүнөн үйүнөн башталып Коңурбаев Нурмаматтын үйүнөн аяктасын).
2. Шералы айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Укулов Кубанычбек ысмын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын.
3. Кароол айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Бекетаев Калилдин ысмын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (катар номер Бекетаев Калысбектин үйүнөн башталып Галбаев Манастын үйүнө чейин).
4. Кароол айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Алимбеков Көкөндүн ысмын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (катар номер Бекетаев Калысбектин үйүнөн башталып Галбаев Манастын үйүнө чейин).
5. Кароол айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Мадаминов Өткүрбектин ысмын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын.
6. Мырза-Арык айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жаманкулов Кудайбердинин ысмын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (катар номер Жусубалиев Тагайдын үйүнөн башталып Дыканбаев Каныбектин үйүнө чейин).
7. Мырза-Арык айылында жайгашкан жаңы көчөгө маркум Маматкадыров Эрмат ысмын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (катар номер Маматкадыров Романдын үйүнөн башталып Сакыев Бакыттын үйүнө чейин).
8. Көчөнүн атын өзгөртүүдө каралуучу каражаттар көчөгө аты коюлган адамдардын тууган-уруктарынын эсебинен чыгымдалсын жана көчөнүн тазалыгына ж.б. көз салуу аларга тапшырылсын.
9. Ыйгарылуучу атоолорду мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учеттон өткөрүү боюнча иш алып баруу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго жүктөлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (А. Суранбаев.) тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |