Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 28-сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 28/7
Элдик курултайды өткөрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кароол айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын элдик курултайын өткөрүүнү уюштуруу боюнча маселени «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын» жана Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясында талкууланып, каралып, Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө Жобонун IV болуп, 10-пункутунун негизинде элдик курултайды уюштуруу, өткөрүү үчүн курамы 9 адамдан комиссиянын курамы бекитилсин.
Р. Сайитов- айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы.
К.Укулов - айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары, комиссиянын мүчөсү.
М. Алмаматов- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
П. Көкөнов- Мырза-Арык АКОБнын башчысы, комиссиянын мүчөсү.
К. Акматова- Шералы АКОБнын башчысы, комиссиянын мүчөсү.
Т. Жээнбаев- Кароол АКОБнын башчысы, комиссиянын мүчөсү.
Г. Анаркулова – Аялдар кеңешинин төрайымы, комиссиянын мүчөсү.
А. Самидинов- Аксакалдар сотунун торагасы, комиссия мүчөсү.
Р.Камбардинова- М.Ботобеков атындагы орто мектебинин директору, комиссия мүчөсү.
2. Жергиликтүү жамааттын элдик курултайын өткөрүүнү уюштуруу иш-чараларды иштеп чыгуу жана аны турмушка ашыруу жагы уюштуруу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (Суранбаев А.С.) тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |