Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 23-сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 23/8
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинин
статьяларын жылыштыруу жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы- башкы эсепчи А. Касымованын Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн эсеп счетундагы 3111 статьясынан ар башка чыгымдары 22154900 статьясына жылдырып берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн эсеп счетундагы 3111-статьясынан ар башка
чыгымдары 22154900-статьясына 51500 сом (элүү бир миң беш жүз) сом жылдырылып төмөндөгүдөй бөлүнүштө бөлүнсүн.
- «Куруучу» балдар бакчасына терезе салдыруу үчүн 26500 миң сом
- Чекилдек айылындагы жаңы мектептин энерго паспортун алуу үчүн 30000 миң сом
2. Жогорудагы 56500 (элүү алты миң беш жүз) сомду статьялардан жылыштырып берүү жагы Кочкор райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Мокоевке тапшырылсын.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Букамбаев |