СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 24-сессиясы
2015-жылдын 20-октябры № 24/6
Кочкор районунун «Мыкты фермер» наамын берүү жөнүндө
1957-жылы Семиз-Бел айылында туулган Чаарчокуев Арстанбек, 1977-жылдан 1996-жылга чейин Кочкор райондук керек жарак коомунда шоферлук кызматында эмгектенген. 2004-жылдан баштап Кочкор ГПЗда тараганга чейин арендатор чабан болуп иштеген. 1996-жылдан ушул убакка чейин Семиз-Бел айылында дыйкан чарбада эмгектенет. Эмгекчилдиги менен өзүнө караштуу мал чарбасын, талаачылык жумуштарын жогорку дэңгээлге алып чыккандыгын эске алып, айылдык Кеңештин төрагасы М .Букамбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын тургуну, фермер Чаарчокуев Арстанбек «Мыкты фермер» наамына сунушталсын
2. Чаарчокуев Арстанбекке «Мыкты фермер» наамын берүү жагы Кочкор райондук кошмо жыйындар Кенешинен суралсын.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Букамбаев |