Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 24-сессиясы
2015-жылдын 20-октябры № 24/8
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо
агенствосунун айылдык инвестициялоо долбоорунун 3-этабына
долбоорлорду сунуштоосун бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чекилдек айылына фельдшердик акушердик пункт куруу долбоорун чоң долбоорго, Семиз-Бел айылын клуб китепканасына жылуулук системасын орнотуу жана жаны заманбап инвентарларды алуу долбоору коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун айылды инвестициялоо-3 кичине долбооруна сунуштоону бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Э.Моңкоевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабынын чоң долбооруна Кара-Тоо айылына кичи футболдук аянча куруу долбоору, кичине долбооруна Семиз-Бел айылынын клуб китепканасына жылуулук системасын орнотуу жана жаны заманбап жабдууларды алуу жана жылытуу системасын орнотуу долбоору сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Букамбаев |