Редакцияот 22.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 25-сессиясы

 

2015-жылдын 22-декабры № 25/1

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн

 башчысы Э.Моңкоевдин 2015-жыл ичинде

жүргүзгөн иштери жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнүн негизинде  Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевдин отчетун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн  социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2015-жылда аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевдин отчету «Канаттандыраарлык» деп табылсын.

2.    Айтылган сын-сунуштар боюнча иш чара кабыл алынып, өз убагында аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Семиз-Бел айыл өкмөтүндөгү  ири фермерлер  пайдаланып жүргөн жерлердин пайдалануу   мөөнөтүн  тактап , жылдын аягына чейин  маалымат берүү жер адиси С.Сыдыгалиевге тапшырылсын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Семиз-Бел айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М.Букамбаев