Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 26-февралы № 158
Жайыт комитетинин 2016-жыл үчүн бюджетин, иш планын бекитүү, жайлоого кетүүчү мал-жандыктар үчүн тарифтин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
1. Жайыт комитетинин 2016-жыл үчүн бюджетин, иш планын бекитүү, жайлоого кетүүчү мал-жандыктар үчүн тарифтин өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Малдарды алыскы жайлоого көчүрүү убактысы 25-майга чейин белгиленип, жайыт комитетине жана айыл башчыларына көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч калтырбай алыскы жайытка көчүрүү жагы милдеттендирилсин.
Жайыт комитетинин жайыт билет баасы:
Жылкыга- 80 сом
Кара малга- 80 сом
Кой, эчки- 18 сом
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергия, байланыш, таза суу, коммуналдык чарба, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ахунов Т.Х |