Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 26-февралы № 159
Социалдык категорияга кирген атуулдарга физикалык жер салыгынан 0,08 га жерге бошотуу жөнүндө маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 27.07.2009-жылдагы № 255 Мыйзамынын 344-беренесине ылайык Куршаб айыл өкмөтүндөгү социалдык категорияга кирген атуулдар: Эмгек ардагерлери, Афган согушунун катышуучуларын, Чернобыль жана Баткен окуяларынын катышуучуларын, 1-2-группадагы майыптарды, 4 баладан ашуун балдары мектеп жашында болгон үй-бүлөлөрдү, кызматта жүрүп курман болгон аскер жана ички иштер кызматкерлердин 16 жашка чейин балдары бар үй бүлөлөрү физикалык жер салыгынан 0,08 га. бошотулсун.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору М.Осмоновко жогоруда аталган категориядагы атуулдарды социалдык маселелер боюнча кызматкерлер менен биргеликте тактоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ахунов Т.Х |