Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 26-февралы № 163
Эл аралык стандартка жооп бере турган мал союучу жана этти баштапкы иштетүү пункттарын курууга жана турак жай маселесин чечүү үчүн жер участкасын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурдагы комплекстеги суу сактагыч кампадан түндүктү «Гоо» жылгадагы сарайларды көздөй кеткен жолдун эки жээгиндеги узундугу 1000 метр,туурасы 133 метр, жолду кошкондо баары 13,0 га. жайыт жер. Ошол эле суу кампанын батыш бөлүгүндө турак жай маселесин чечүү үчүн 1,20 гектар жер тилкеси да ушундай эле жайыт жер тилкеси,баары биригип 14,20 гектар аянтты түзөт. Жогоруда аталган жер тилкелерин эл аралык стандартка жооп бере турган мал союучу жана этти баштапкы иштетүү пункттарын курууга жана турак жай маселесин чечүү үчүн пайдаланууга мыйзам чегинде трансформация жасоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин жер,мелиорация,турак жай,жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ахунов Т.Х |