Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 26-февралы № 164
Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын жашоочуларынын арызы жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын Узак-Ата көчөсүнүн Жалпак-Таш айылына кетип жатканда сол жагындагы тупик көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Жоробаев Сатыбалдынын ысмын коюп берүү жөнүндөгү ушул көчөнүн тургундарынын 2016-жылдын 18-февраль күнү жазган арызын карап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын Узак Ата тупик көчөсөнүн тургундарынын 2016-жылдын 18-февраль күнү жазган арызы канааттандырылсын.
2.Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын Узак Ата көчөсөнүн Жалпак-Таш айылына кетип жатканда сол жагындагы тупик көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Жоробаев Сатыбалдынын ысмы ыйгарылсын
3. Көчөнү таза кармоо, шагыл төктүрүү, көпүрөсүн оң абалда кармоо маркумдун туугандарына жана көчөнүн тургундарына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ахунов Т.Х |