Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы
2016-жылдын 26-февралы № 168
Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын тургундарынын арызы жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын тургундарынын мурдагы Кайнар совхозунун кырманынын түндүк чыгыш тарабындагы, башкача айтканда кыркым пунктуна кетүүчү көчөгө Шагым айылынын атуулу,маркум Курбанов Бекмаматтын ысмын коюп берүү жөнүндөгү 2016-жылдын 24- февраль күнү жазган арызын карап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХVI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын тургундарынын 2016-жылдын 24-февраль күнү жазган арызы канааттандырылсын.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын мурдагы Кайнар совхозунун кырманынын түндүк чыгыш тарабындагы, башкача айтканда кыркым пунктуна кетүүчү көчөгө Шагым айылынын атуулу,маркум Курбанов Бекмаматтын ысмы ыйгарылсын
3. Көчөнү таза кармоо, шагыл төктүрүү, көпүрөсүн оң абалда кармоо маркумдун туугандарына жана көчөнүн тургундарына милдеттендирилси
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ахунов Т.Х |