Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 17-сессиясы
2014-жылдын 24-июлу № 17/5
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Кадамжай райондук бөлүмүнүн “Шохид” фермерлердин чарбасына түзүлгөн жер боюнча келишимин жокко чыгаруу боюнча каты жөнүндө
А. Масалиев айылдык кеңешинин сессиясында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Баткен областтык башкармалыгына караштуу Кадамжай райондук бөлүмү тарабынан “Шохид” фермердик чарбасы боюнча катыны угуп жана талкуулап Шохид фермердик чарбасы боюнча маалыматты угуп айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мурзаевке жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси М.Кайимовго “Шохид” фермердик чарбасы менен айыл өкмөтү келишим түзгөн. Келишимдин мыйзамдуулугу, ижарага берүү боюнча типтүү жобонун тартибине жана шарттарына ылайык мыйзам чегинде ижарага берүүнү, Мыйзам ичегинде келишимди жокко чыгаруу келишимде көрсөтүлгөн шарттардын негизинде аткаруу сунушатлсын.
2. А. Масалиев айыл өкмөтүндө кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара мөөнөтү 2014-жыл октябрда мөөнөтү бүтөт. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчикте турган кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча типтүү жобосунун тартиби менен 2014-жыл октябрь айына аукцион менен ижарага берүүнү уюштуруу жер боюнча бөлүм башчы М. Кайимовго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мурзаевге милдеттендирилсин.
А.Масалиев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Тажибаев |