Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 17-сессиясы
2014-жылдын 24-июлу № 17/6
Кожо айылындагы Бейшеналиева көчөсүн атыны өзгөртүп берүү боюнча айыл тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясында Кожо айылынын тургундарынын элге эмгеги сиңген жергиликтүү инсандардын ысымын көчөлөрдүн аталышына коюу сунушту, айыл тургундарынын кайрылуусун, айыл тургундарынын чогулуш протоколу жана чечимдерин сессиясында угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай жана Кызыл – Кыя борбордук көчөдөн баштап жогору карай Сулайманов Токтоматтын үйүнө чейин көчө Эргеш Атабеккодун аты менен аталсын.
2. Эргеш Атабековдун аты менен аталган көчөнү көрктөндүрүү Эргеш Атабековдун жакындарына тапшырылсын.
А.Масалиев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Тажибаев |