Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 19 сессиясы
2014-жылдын 12-ноябры № 19/2
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жер фондунун аукциондо ижарага берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясында айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистеринин мамлекеттик жер фондунун аянты боюнч ижарага берүү боюнча маалыматтын жана сунуштарын угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик жер фондунан 145,5 га жер аянты көп жылдык мөөнөткө 5 – жылга аукцион негизинде ижарага жана 4 га жер аянты 1 – жылдык мөөнөткө аукцион негизинде ижарага берилсин.
2. 41 га жер аянты турак жай үчүн которууга суралган жазгы талаа иштери башталганга чейин которуу иштери бүтпөсө 1 – жылдык мөөнөткө аукцион негизинде ижарага берилсин.
2. Бир лотко коюлуучу жер аянты 0,50 – 1,0 га болуп бекитилсин.
4. 1 га жер аянты үчүн баштапкы наркы 10 000 сом болуп бекитилсин.
5. Ар бир арымынын суммасы болуп 2000 сом болуп бекитилсин.
6. Алдын ала төлөнүүчү сумма 15% 15 000 сом болуп бекитилсин.
7. Алдын ала төлөнүүчү сумма 1500 сом аукциондо уткан адамга ижара акысынын кала берет, ижарага жер албай калган адамга алдын ала төлөнүүчү сумма 1500 сом кайтарып берилсин.
8. Мамалекеттик жер фондунун жерлерин аукцион негизинде ижарага берүүнү аткаруу жагы айыл өкмөтттүн жер боюнча адистерине жана жер боюнча комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
А.Масалиев айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Тажибаев |