Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 19 сессиясы
2014-жылдын 12-ноябры № 19/3
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси М.Кайимовдун отчету жана менчике берилген жерлер, фермердик чарбалардын жерлери жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясында айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси М.Кайимовдун отчетун жана фермердик чарбалар боюнча маалыматын угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси М.Кайимовдун жер боюнча берген отчету жаны иш баштагандыгына байланыштуу көңүлгө алынсын.
2. Менчикке берилген сельхоз ремонтко, майыптар үйүнө Фермердик чарбаларга берилген жерлер боюнча “Шохид” фермердик чарбасына берилген алма бак жөнүндө анын мыйзамдуу сунуштарды бербегендиктен жана алардын жерлеринин өлчөгөндүгү актылардын негизинде, ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамдарынын негизинде карап чыгып Айылдык кеңешинин кезектеги сессиясына сунуштоону
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мурзаевге
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси М.Кайимовго
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жалаловго
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Махмудовдорго
милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин жер боюнча жана укук коргоо жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
А.Масалиев айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.Тажибаев |