Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 23 сессиясы
2015-жылдын 29-июлу № 23/1
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү боюнча 2015-2017-жылга түзүлгөн программасына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин сессияда айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу айыл өкмөтүнүн орун басары К.Исраилов социалдык өнүгүү программасына толуктоолорду киргизүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүндөгү аймактагы ички жолдору калыбына келтирүүнү оңдоо аралыктарын аныктап айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү программасына толуктоолор киргизилсин.
2. Ички жолдор боюнча инвестор тартууга проекттер түзүүгө каржылап берүү бөлүнгөн акчаны максаттуу иштетүү каржы бөлүмүнүн башчысы К.Имаровко жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу айыл өкмөтүнүн орун басары К.Исраиловко тапшырылсын.
А.Масалиев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ю.Бекботоев |