Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 1-августу № 27/8
Каржы бөлүмүнө ГСВ 21-ден кайрылуусун жана Мавлаянов Рахманалинин арызын кароо жөнүндө
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө ГСВ 21-ден кайрылуусун жана Көкө айылынын тургуну Мавлянов Рахманалинин арызын карап чыгып А.Масалиев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүндөгү ГСВ 21ге айыл өкмөтү тарабынан ремонт үчүн 61 000 (алтымыш бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүндөгү Көкө айылынын тургуну жашоо шарты начар, материалдык жактан муктаж Мавлянов Рахманалиге айыл өкмөттүн эсебинен үйүнүн үстүн жабуу үчүн шифер алынып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
А.Масалиев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ю.Бекботоев |