Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 1-августу № 27/6
Жер адисинин сунушуну бекитүү жөнүндө
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер адисинин айыл өкмөтүнүн жер запастары категориясында турган жерлерден турак жай куруу үчүн жер участкаларын берүүгө трансформациялоого жана жер аянтарына долбоорлор институтунан генплан түздүрүүгө ошондой эле тиешелүү кагаздарын даярдоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап А.Масалиев атындагы айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жер запастары категориясында турган жерлерден турак жай куруу үчүн жер участкалары трансформациялансын жана жер аянтарына долбоорлор институтунан генплан түздүрүлсүн ошондой эле тиешелүү кагаздары даярдалсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.
А.Масалиев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ю.Бекботоев |