Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 28-июлу № 27/2
Каржы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Н.Мурзалиевдин сунушу жөнүндө
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Н.Мурзалиевдин сунушун угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Н.Мурзалиевдин сунушу боюнча жыл башында ашыкча каралгандыгына байланыштуу киреше салыгынын планын 499,3 (төрт жүз токсон тогуз миң үч жүз) сомго кыскартуу, кирешеден кыскарткан 499,3 (төрт жүз токсон тогуз миң үч жүз) сомду Коммуналдык чарба (706) разделддин 3111 статьясына кыскартуу, ошол разделден 200 (эки жүз) миң сомду 2013-жылдан бери сүрүлүп келген соцфондтун карызына төлөнсүн, 2121 статьясынын планы 200 (эки жүз)миң сомго көбөйтүү жагы каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
А.Масалиев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ю.Бекботоев |